Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Пикассонун мурда белгисиз сүрөттөрү талашка түштү


Атактуу испан кылкалеми Пабло Пикассонун мурда белгисиз 300гө жакын сүрөтү Францияда 71 жаштагы карыянын үйүнөн табылды. Алардын баасы 80 миллион доллар деп бааланууда. Мурдакы электрик Пьер Ле Геннеканын айтышынча, ага сүрөттөрдү Пиккассо өзү тартуу кылган. Электрик өз учурунда Пикассонун бир нече үйүнө сигнализация орноткон экен.
Француздардын “Liberation” гезитинин жазышынча, Пикассонун 271 иши үчүн карыя-электрик менен сүрөткердин мураскерлери арасында айоосуз талаш жүрүүдө. Бул эмгектердин арасында кубисттик доордогу сүрөттөр, акварелдик иштер, литография жана кылчебердин кол жазма дептерлери бар.

XS
SM
MD
LG