Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:23

Орус акыны Белла Ахмадуллина келбес сапарга кетти


Россиялык белгилүү акын Белла Ахмадуллина 73 жаш курагында көз жумду. Акын адабиятка хрущевдук “ачыктык” доорунда кирген. Ал Пастернакты куугунтуктоого каршы чыкканы үчүн 1959-жылы Москвадагы Адабият институтунан айдалган. Ахмадуллина 1989-жылы “Сад” деген ырлар жыйнагы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйылыгын алган. Белла Ахмадуллина акын-замандаштары тууралуу эскерүүлөрдү жана Пушкин менен Лермонтов жөнүндө эсселерди да жазган. Ал 1993-жылы Россиянын Жогорку Кеңешин армиянын жардамы менен таркатуу жана парламенттин имаратын аткылоого байланыштуу 42 акын-жазуучу өлкө президентине, өкмөткө жана жарандарга жасаган кайрылууга кол койгон. Бул кат ошол жылы 5-октябрда “Известия” гезитине басылган.

XS
SM
MD
LG