Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

Бишкектеги Спорт ордосунун жанында жардыруу болду


“Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, жардыруу бүгүн эртең менен саат 9га чукул Спорт ордосунун түндүк тарабында болгон. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун билдиргенине караганда, жардыруу учурунда төрт адам жеңил жаракат алды. Алардын экөө камактагыларды ташыган аскер, ал эми эки тартип коргоо өкүлү толкундун илебинде калган. Алар дароо ооруканага жеткирилген. Жардыруунун себептери иликтенип жатат. Марат Иманкуловдун болжолдогонуна караганда, жардырылган зат өзгөчө талкалоочу күчкө ээ болбогон элементтерден жасалышы ыктымал. Учурда жардыруунун себептерин атайын адистер, кинологдор иликтеп жатышат.

Бүгүн саат 10до Спорт ордосунда 7-апрелдеги окуяларга байланыштуу кезектеги сот жараяны башталмак.

XS
SM
MD
LG