Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Анын айтымында, тарип коргоо органдардын атайын операциясы маалында террордук чабуул боюнча шектелген үйдөн куралдуу топтун үч мүчөсү жок кылынды, дагы бирөө өзүн өзү жардырып жиберди.” Граната менен анчалык чоң күчтөгү жардыруу болбойт эле, ал үйдө кошумча жардыруучу заттар катылып турушу мүмкүн", - дейт М. Иманкулов. Азыр окуя болгон жерде иликтөө иштери уланууда.
Кечээ Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндө тартип коргоо органдары атайын операция өткөрүп, курал катылган деп шектелген үйдү текшерүү маалында ок атышуу орун алды. (EBM)
Кечээ Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндө тартип коргоо органдары атайын операция өткөрүп, курал катылган деп шектелген үйдү текшерүү маалында ок атышуу орун алды. (EBM)