Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, бүгүн Бишкектеги жардыруу эпкининен жабыркаган эки милиция кызматкери Улуттук госпиталдын Отоларингология бөлүмүнө жаткырылды. Дарыгерлердин айтымында, алардын кулак тарсылдактары жабыркаган, азыр абалдары канааттандырарлык. (EBM)