Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов Бишкектеги жардыруунун Ош шаарында кечээги атышууларга байланышы бар болушу ыктымалдыгын айтып, учурда иликтеп, тактоо иштери уланып жатканын маалымдады. Анын айтымында, бүгүн шаардагы Спорт ордосунун жанында жарылган затты атайын террористтик лагерлерде окуган дасыккан гана адамдар жасай алат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрага орун басары Көлбай Мусаев жардыруу аралыктан башкарууда же чөнтөк телефон аркылуу ишке ашырылышы ыктымалдыгын билдирди. Анын айтымында, жардырган адам тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин автобус менен келгенин алыстан байкап турган болушу мүмкүн. Жардыруу ал автобус ордунан жылгандан кийин 10 секундадан кийин болгон. К. Мусаев бул окуяга диний экстремисттик уюмдардын тиешеси бар болушу ыктымалдыгын белгиледи. (EBM)