Күч органдары кечээ Оштун эл жыш отурукташкан Мажүрүм-Тал көчөсүндө курал бар деп шектелген үйдү текшерүү маалында ал үйдөн аскерлерге ок атылганын маалымдаган. Коопсуздук кызматтары куралдуу топтун 3 мүчөсү жок кылынып, бири өзүн жардырып жиберди деп ырастаган. "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы Эрнис Нурматов:
- Бүгүн бир катар ата-энелер балдарын мектепке жөнөтпөй коюшту. Окуу жайларда дагы студенттердин дээрлик көпчүлүгү сабакка келишкен жок. Жол каттам күндөгүдөн аз болуп, борбордук базарга эл сейрек келди. Кээ бир райондордо дүкөн, ишканалар жабык турат. Жергиликтүү бийлик шаардыктарды дүрбөлөңгө алдырбоого чакырып, болуп өткөн операциянын улуттар аралык маселеге байланышы жоктугун айтууда.
Оштук укук коргоочу Изатулла Рахматтулаев "Азаттыкка" билдиргендей, операция мезгилинде качкан Мажрүм-Тал ооданынын тургундары бүгүн кайра кайтып келип жатышат, операция болгон жерди милиция кызматкерлери курчап, кишилерди өткөрбөй турат.
Маалыматтарга караганда, террордук опеарциянын чордонундагы үй Мажрүм-Тал мечитинин имамы Фархат Нурматовго таандык болгон жана операция учурунда имам да өлтүрүлгөн. JCH