Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Медведев экономикалык жетишкендиктерге баа берди


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн жылдык парламентке кайрылуусунда глобалдык экономикалык кризистин бардык кесепеттери жоюла электигин эскертти:

– Экономиканын абалы дагы деле татаал. Кризистин бардык кесепеттери жоюла элек экендигин моюнга алышыбыз керек. Бирок биз коом алдындагы милдеттерибизди аткарууну уланта берерибизге ишенип коюңуздар.

Ошол эле мезгилде Медведев өкмөт экономиканы турукташтыра алгандыгын белгилеп, быйылкы өсүш 4 пайыз болот деген божомолун билдирди. Президенттин айтымында, Орусияда бүгүн беш миллион киши жумушсуз, бул - глобалдык кризис туу чокусуна жетип тургандагыдан эки миллионго аз.

XS
SM
MD
LG