Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Иран бийлиги уурулардын колун кестирет


Өлкөнүн батышындагы Керманшах шаарынын бийликтери алдыдагы күндөрү уурулук боюнча бир нече кишинин колу кесилерин билдирүүдө. Прокурор Мохтаба Малекинин айтымында, "башкаларга сабак болсун үчүн" ампутация эл алдында өткөрүлөт.

Ирандык укук коргоочу, Нобел сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади "Азаттыкка" момпосуй ишканасынан шоколад уурдаган 21 жаштагы адамдын колу кесилгенин, бирок президент Махмуд Ахмединежад "мамлекеттик казнага суук колун салгандардын" ысымдарын жарыялоо убадасын аткара элек экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG