Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Хиллари Клинтон Казакстанга келди


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Астанада 1-декабрда баштала турган Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун саммитине америкалык делегацияны баштап келди. Астанада Клинтон Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана тышкы иштер министри Канар Саудабаев менен жолугат. Кийин ал Кыргызстанда президент Роза Отунбаева жана башка бийлик өкүлдөрү менен өлкөдөгү саясий процесстер, парламенттик шайлоо, эки тарапты кызыктырган айрым маселелер тууралуу сүйлөшөт. Мамлекеттик катчы Бишкектен соң Өзбекстанга жол тартып, андан ары Перси булуңундагы Бахрейн мамлекетине барат.

XS
SM
MD
LG