Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

АКШнын мамкатчысы Евразия университетинде болду


Бүгүн Астанада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму - ЕККУнун саммити ачылат. Жыйынга келген АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ Евразия университетинде болгон кездешүүдө “Алма-Ата инфо” гезитинин кабарчысы Рамазан Есергеповдун камалганына өз өкүнүчүн билдирди. Журналист 2009-жылы мамлекеттик сырды ачты деп айыпталып, үч жылга кесилген. Мамкатчы унаа кырсыгына жооптуу деп соттолгон укук коргоочу Евгений Жовтисти да атай кетти. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар Жовтис негизсиз соттолду деп санашат.

Клинтон айым саммиттен соң Бишкекке келип, президент Роза Отунбаева менен кездешет жана өлкөдө парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн жаңы саясый жагдай менен таанышат. Андан ары Өзбекстанга жана Бахрейнге барат.

XS
SM
MD
LG