1-2-декабрда болчу Астанадагы жыйынга бардыгы 68 өлкөнүн лидерлери, анын ичинде Роза Отунбаева башындагы Кыргыз делегациясы да катышат. Бул - ЕККУнун акыркы 11 жылдагы биринчи мартабалуу жыйыны.
ЕККУнун төрагасы, Казакстандын мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министри Канат Саудабаев жыйынга мамлекет лидерлеринин жапырт катышып жатканын маанилүү жышаан деп сыпаттады:
"Адегенде бардык мамлекет жана өкмөт башчылардын жыйынга катышып, биздин уюмду, анын принциптерин жана келечегин сыйлап, колдогону маанилүү. Бул - уюмдун жогорку деңгээлдеги жыйыны 11 жылда биринчи жолу болуп жаткан шартта - өзгөчө маанилүү. Биз уюмдун кадыр-баркын бекемдөө үчүн иштешибиз зарыл экени анык жана баарыбыз аны урматташыбыз керек."