Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен Литва кылмыштык негизде киши өлтүрүүлөр боюнча биринчи орунда турат. Биримдиктин статистикалык агенттигинин маалыматы боюнча, Литвада 2002-2008-жылдары 100 миң адамга эсептегенде, орточо 8, 76 адам өлтүрүлгөн. Экинчи орундагы Эстонияда 100 миң адамга 6,6 киши өлтүрүү туура келет. Бул көрсөткүч, Евростаттын эсебинче, Австрия, Словения жана Германияда эң төмөн экен.