Кабарчыбыздын маалымдашынча, азыр Базар-Коргон райондук акимчиликтин алдында аймактагы төрт мектептин 60тай мугалими мөөнөтсүз нааразылык акцияга чыгышты. Алар айлыктарын 10 миң сомдон кем эмес кылып жогорулатууну, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылышууда. Акцияга чыккандар менен райондун акими жолугуп, талаптары бийликке жеткирилерин убада кылды. Мугалимдер азыр тарабай турат. Маалыматка караганда алар менен Жалал-Абаддын губернаторунун орун басары жана билим министринин орун басары жолукканы жатат. (EBM)