Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Аба ырайы


2-декабрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Тоолордо жана тоо этектериндеги аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы түнкүсүн секундасына 4-9, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 даража жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9 даража жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…12 даража жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 даража жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 даража жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8 даража жылуу.
Тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7 муздак.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз түштөн кийин жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 7…9 даража жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG