Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Путин АКШ сенатын START келишимин бекитүүгө чакырды


Кокус документ ратификациядан өтпөй калса, анда Россия өзүнүн стратегиялык куралдарын күчөткөнгө аргасыз болот. Бул тууралуу Владимир Путин CNN телеканалында Ларри Кингдин суроолоруна жооп берип жатып эскертти. Маектин айрым үзүндүлөрү бүгүн көрсөтүлдү, толугу менен бейшембиге караган түнү көрсөтүлөт. Wikileaks сайты жарыя кылган документтерде америкалык дипломаттардын Путин менен президент Медведевди сыпаттаган сөздөрүн орус премьери "кокурайма" жана "мазактама" сөз катары баалады. Путин келерки президент ким болору тууралуу суроого жооп берип, Медеведев экөө кеңешип көрүп, мунасалуу чечим кабыл алышарын кайрадан бышыктады.

XS
SM
MD
LG