Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Баткен: СПИД менен күрөшүү борборунун кызматкерлери 2 айдан бери маяна албайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук СПИД менен күрөшүү борборунун кызматкерлери билдиришти. Алардын айтымында, борбордун мурдагы жетекчиси иштен кеткенден бери ушул убакытка чейин жаңы дайындоо боло элек. Ошонун айынан жыл сайын 1-декабрь – СПИД менен күрөшүү күнүнө арналган иш-чаралар бул жылы уюштурулбай калган. Мындан сырткары аталган борборго караштуу кишинин канын анализдөөчү лабораториянын кызматкерлерине айына берилүүчү сүт азыктары да токтотулган. Ушул себептен кызматкерлер борбого жаңы жетекчи дайындап берүүнү өтүнүп, облус бийлигине бир канча жолу кайрылышкан, бирок азырынча андан майнап чыга элек. (JsA)

XS
SM
MD
LG