Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Дин башкармалыгы Ош, Жалал-Абадда кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзөт


Жакын арада Кыргызстандын дин башкармалыгы Ош жана Жалал-Абад облустарында мечиттердин жетекчилерин алмаштыруу иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” муфтийдин жардамчысы тастыктады. Анын айтымында, план боюнча мечит имамы кыргыз, ал эми жардамчысы өзбек, же тескерисинче болушу керек. Бул дин башкармалыгында кадрлардын тең салмактуулугун сактоо, кыргыз менен өзбек тектүүлөрдүн ынтымагын бекемдөө, “кыргыздардын мечити” жана “өзбектердин мечити” деп бөлүнбөө максатында жасалууда.

Ошондой эле ал 29-ноябрда Ош шаарында террорчулар деп шектелген адамдарды кармоо операциясында жок кылынган имам Фурхат Нурматов тууралуу да комментарий берип, дин башкармалыгы аны мурда эле кызматынан алуу тууралуу чечим даярдап койгонун, ажы сапары аяктаганда ал кызматынан алынмактыгын билдирди. Анын айтымында, дин башкармалыгында Ф.Нурматовдун ишмердүүлүгүндөгү каталар тууралуу маалыматтар бар болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG