Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

НАТО аскерлерин 2001-жылдан кийин да Иракта калтырууга даяр


НАТО өз аскерлерин 2011-жылдан кийин да Ирак полициясын машыктыруу үчүн өлкөдө калтырууга даяр. Ал үчүн, НАТОнун биргелешкен күчтөрүнүн командачысы, адмирал Самуэл Локлирдин билдиришинче, албетте, Ирак жетекчилигинин өтүнүчү керек.

Адмирал Локлир кечээ Багдаддын жанындагы Дублин аскерий базасында жасаган билдирүүсүндө, НАТОлук аскерлердин миссиясы канча жылга узартылышы ыктымал экенин айтпады. Мурда жарыяланганга караганда, НАТО Ирактагы миссиясын америкалык аскерлер сыяктуу эле келерки жылдын соңунда аяктоого тийиш. Азыр Иракта НАТОнун 180 күжүрмөн аскери бар.

XS
SM
MD
LG