Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:14

2018-жылкы дүйнөлүк футбол чемпионаты кайда өтөрү бүгүн такталат

2018-жылы жана 2022-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтчү шаарлар бүгүн аныкталат. Ал боюнча ФИФАнын чүчү кулак кармоосу Швейцариянын Цюрих шаарында болот. Букмейкерлер (bookmaker) 2018-жылкы финалык мелдештерди өткөрүүгө Орусиянын, андан кийин Англиянын мүмкүнчүлүгү жогору болгонун айтышууда. Испания менен Португалия жана Нидерландия менен Бельгия чемпионатты биргелешип өткөрүүгө ынтызар. 2022-жылкы дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүүгө АКШ, Катар, Жапония, Түштүк Корея жана Австралия куштар. Букмейкерлер алардын ичинен АКШга артыкчылык беришүүдө.
XS
SM
MD
LG