Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Үй-бүлөдө зомбулук күч алып баратат


Кыргызстанда жыл сайын зордук-зомбулуктан жабыркаган он миңге чукул киши кризистик борборлорго кайрылат. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча мындай запкы көргөндөрдүн саны дагы үч миңге көбүрөөк. Бул тууралуу бүгүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулук темасы боюнча өтүп жаткан тегерек үстөлдө Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов белгиледи. Анын айтымында, ушул тапта аялдар колониясында отурган кыз-келиндердин 87% үй-бүлөдөгү чыр-чатактын негизинде кылмыш кылганы аныкталган, алардын көпчүлүгү узак убакыт бою жакын адамынын зордук-зомбулугуна кабылып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG