Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:18

HRW: Кыргызстандагы июнь окуясын көз карандысыз иликтөө зарыл


Адам укугун коргоочу эл аралык уюм АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстандагы апрель окуясын, июнь коогалаңын көз карандысыз иликтөөгө чакырууга тийиш деп эсептейт. Мындан тышкары уюмдун билдирүүсүндө АКШ мамкатчысына кыргыз бийлигинен бул окуяларга байланыштуу жүрүп жаткан сот процесстерин акыйкат жүргүзүүгө жана соттолуучулардын коопсуздугун камсыздоону жакшыртууга үндөөсүн талап кылынат. Билдирүү ээлери АКШ мамлекеттик катчысы Кыргызстанга жана Өзбекстанга жасаган иш сапарын адам укугун жакшыртуу максатында пайдаланууга тийиш деп белгилейт. “Хиллари Клинтон жаңы кыргыз бийлигине акыйкаттыктын жалгыз жолу – адам укугун коргоо экенин түшүндүрүүсү керек, акыркы убактарда Ошто жана Бишкекте болгон окуялар Кыргызстан дагы деле коркунучта турганынан кабар берет,” деп белгилейт уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Рейчел Денбер.

Кыргызстандагы июнь коогалаңын эл аралык иликтөө 18-октябрдан тартып жүрүп жатат, комиссияны ЕККУ парламенттер ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Кильюнен жетектейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG