Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

АКШнын мамлекеттик катчысы Кыргызстанга келди


Кабарчыбыздын маалымдаганы боюнча, АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ушул тапта Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен жолугушууда. Жолугушууда өлкөдөгү саясий процесстер, жакында эле өткөн парламенттик шайлоо жана эки тарапты кызыктырган айрым маселелер тууралуу сөз болушу мүмкүн. Жолугушуудан соң тараптар чогуу билдирүү жасашары күтүлүүдө.

АКШ мамкатчысы Астанада өткөн ЕККУнун саммитине катышып, андан кийин Кыргызстанга келди. Х. Клинтондун сапары мындан ары Өзбекстанга уланары айтылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG