2-4-декабрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүүсү күтүлүп жатканын синоптиктер билдиришет. Ага ылайык бүгүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, 3-4-декабрда кар түшөт, кээ бир райондордо кар калың түшүүсү күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашып, жолдор тайгак болот.
3-декабрда абанын температурасы түнкүсүн -1...-6 градуска, күндүзү 0...-5 даражага чейин төмөндөйт. 4-декабрда түнкүсүн -10...-15, күндүзү -3...-8 градуска чейин суук болот. Аба ырайынын мындай кескин төмөндөшү айдоо-себүү иштерин, транспрорт, энергетика, байланыш жана коммуналдык кызматтардын ишин оорлотот деп маалымдайт аба ырайын билдирүүчү борбор.
Абанын температурасы: эртең Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүзү 0...-5 градус төмөн болот, Таласта -2...-7 даража, күндүзү 0...-5 даражага суук болот. Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн жана күндүзү 0...-5 даражага муздайт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6 градус, күндүзү -4...+1 градус болот. Тоолуу Нарында түнкүсүн -9...-14, күндүзү -1...-6 градус суук болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден 10-15 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3 градус, күндүзү 0...-2 градус суук болот.