Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Оор атлетика боюнча турнир башталды


Оор атлетика боюнча олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда башталды. Мелдеште Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан жүздөн ашуун чоюн билек балбандар күч сынашат. Мелдештин жеңүүчүлөрү 3-декабрда аныкталат. Бул мелдеш Бишкекте 24-жолу өткөрүлүүдө. Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Кабыл Макешовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча быйылкы мелдештин маанилүүлүгү – Москва олимпиадасынын отуз жылдык мааракесине туш болгонунда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG