Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

“Ата Журт” менен “Ар-намыс” шайлоо комиссиясынан чыкты


Бул тууралуу “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Ташиев парламентте билдирип, комиссиянын төрагасы болуп көпчүлүк добуш менен “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эркин Алымбеков, анын катчылыгына Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Дамира Ниязалиева шайланганы акыйкаттыкка жатпайт деп айтты. Мындан тышкары эсептөө комиссиясы төраганы шайлоо үчүн добуш берүү кагазы ташталуучу беш үкөк даярдоону сунуштап жатканы да адилеттикке жатпайт деп билдирди К. Ташиев. Ал мындай болчу болсо парламенттик шайлоо учурунда да ар бир партияга бирден үкөк коюу зарыл деп белгиледи.
Ушундан улам ал оппозициялык эки фракция ЖК төрагасын шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алганын кошумчалады.
ЖК төрагалыгына талапкер болуп жаткан Ө. Текебаев төрага шайлоо үчүн беш фракцияга беш үкөк коюуга каршы эместигин айтып чыкты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG