Бейшембиде кечинде 5-чакырылыштагы парламент депутаттары Жогорку Кеңештин төрагалыгына көрсөтүлгөн Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги үчүн добуш берип, ал жетиштүү колдоо тапкан жок. 58 депутат Текебаев үчүн добуш берсе, 59 депутат "каршы" болушту. Парламенттин жыйыны жума күнү улантылаары жарыяланды.