Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Кыргызстанда балдардын өлүмгө дуушар болуу көрсөткүчү азайууда


Кыргызстанда балдардын өлүмгө дуушар болуу көрсөткүчү 2008-жылдан бери төмөндөөдө. Бул тууралуу кечээ Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдыкеримов президент Роза Отунбаева менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан 2004-жылдан тарта төрөлгөн балдарды Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эрежелери боюнча каттай баштаган. 2003-жылы жаңы төрөлгөн 1000 ымыркайдан жыйырмасы өлүмгө дуушар болсо, 2004-жылы 25, 2006-жылы 30 учур катталган. Бирок 2008-жылдан баштап бул көрсөткүч төмөндөп отурган. Ошентсе да айыл жергесиндеги балдардын өлүмгө дуушар болуу көрсөткүчү шаар жергесине караганда эки эсе көп болууда. Министрдин айтымында, ымыркайлардын өлүмү энелердин жумушка эрте чыгуусунан, жаш балдарын эмчектен өтө эрте чыгарып койгондон улам да болууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG