Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Кийинки жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт


Кийинки жылдын бюджетин түзүүдө мугалимдердин айлык-акысын көтөрүү каралууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул тапта бюджетти калыптандыруу процесси гана жүрүп атат. Айта кетсек, жай айларынан бери мугалимдердин айлык-акыларын көтөрүү, аларга көңүл бөлүү жаатында бир катар кеңешмелерде, жыйындарда айтылып, кечээ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мугалимдер айлык-акыларын көтөрүүнү талап кылып митинг өткөрүшкөн. Мугалимдер ошондой эле 30-40 жылдан бери профсоюз уюмдарында мүчө болгонуна карабай бир да жолу ден соолуктарын чыңдоо үчүн курорт, санаторийлерге барууга мүмкүнчүлүк берилбегенин, андыктан бул жаатта да ачыктык, адилеттик болуусун талап кылып келатышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG