Коомдук телерадио корпорациясынын байкоочу кеңеши бүгүн аталган мекеменин башкы директорун шайлашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Жедигер Саалаев билдирди. Байкоочу кеңеш буга чейин эки күн бою 15 талапкер менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Буга чейин да байкоочу кеңеш КТРКнын башкы директорун шайлоо иш-чарасын уюштуруп, башкы директорлукка мурдагы президент К.Бакиев тушунда президенттин катчылыгында иштеп турган Илим Карыпбеков тандалган соң нааразычылыктар пайда болгон. Натыйжада И.Карыпбеков өзүнүн талапкерлигин алып салып, 2-ноябрда байкоочу кеңеш кайрадан сынак жарыялоого аргасыз болгон. (IJz)