Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:57

СДП лидери коалиция түзүүнү башка партияга берүүнү өтүнүүдө


Социал-демократиялык партиянын төрагасы, апта башында түзүлгөн көпчүлүк коалициянын башчысы Алмазбек Атамбаев коалиция түзүүнү башка фракцияга берүү зарыл деген сөзүн бүгүн парламент отурумунда айтты. Ал ушундай эле өтүнүч менен президент Роза Отунбаевага кайрыларын билдирди. Ал өз сөзүндө көпчүлүк коалициянын добушу 67 эмес, 58 экенин кечээ Жогорку Кеңеш төрагасы үчүн добуш берүү көрсөткөнүн билдирди. Ал кесиптештерине мамлекет оор кырдаалда турганын, кыш келгенин айтып, жаңы өкмөт куроону тездетүүгө чакырды.

Депутаттар анын сунушун фракцияларда талкуулоо үчүн убакыт сурашты. Төрагалык кылуучу Ташболот Балтабаев кесиптештеринин өтүнүчүн канааттандырып, танапис жарыялады.

Парламент кечээ күнкү отурумунда Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо өткөрүп, натыйжада жалгыз талапкер Өмүрбек Текебаев көпчүлүк добушка жетпей калган. Анын спикер болушуна макулдугун 58 депутат билдирген, 59 депутат каршы болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG