Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Wikileaks: Египет да өзөктүк бомбаны эңсеп жүрөт


Эгер Иран атомдук куралга ээ болсо, Египет өзөктүк программанын үстүнөн иштей баштайт. Wikileaks сайты ачыкка чыгарган жашыруун дипломаттык документтерге караганда, Египеттин президенти Хосни Мубарак бул сөздү АКШ Конгрессинин делегациясына 2008-жылы майда Египеттин Шарм ал-Шейх курортунда өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда айткан экен. Египет менен Ирандын мамилеси 1979-жылкы Ирандагы Ислам ыңкылабынан бери осол.

XS
SM
MD
LG