Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Түрмөн президентине Wikileaks сайтынын маалыматы жакпады

Wikileaks сайты жарыялаган АКШнын дипломаттык кат-кабарларын Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов “көп адамдарга шек тийгизген калп”, “жосунсуз кеп” деп мүнөздөдү. 2009-жылы АКШнын ошол кездеги Ашхабаддагы элчиси Сильвия Ред айым Мамлекеттик департаментке жиберген катта түркмөн президентин аты көрсөтүлбөгөн булак кеңири талдоого алган. Анда президент Бердимухаммедов АКШ, Иран, Түркияны сүйбөгөнү, Кытайга урмат-изат кылганы, ошондой эле өзбек президенти Ислам Каримов менен казак президенти Нурсултан Назарбаевди жактырбаганы айтылат.
XS
SM
MD
LG