Президент Роза Отунбаева кеңешүүнү Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги кайрылуусунан кийин баштады. Президенттик басма сөз кызматы маалымдаганы боюнча кеңешүүнүн натыйжасында мамлекет башчы көпчүлүк коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн кайсы фракцияга берери белгилүү болот.
Президент Роза Отунбаева көпчүлүк коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн Социал-демократиялык фракцияга 11-ноябрь күнү тапшырган. Мамлекет башчы ошондо эле эгер социал-демократтар коалиция түзө албаса, ал мүмкүнчүлүк “Ата Мекен” партиясына берилиши ыктымалдыгын билдирген. (ZKo)