Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Польшада сууктун курмандыктары дагы 12ге көбөйдү


Бийликтин маалыматына ылайык, өткөн түнү 12 кишинин сөөгү табылды. Ошону менен сууктан өлгөндөрдүн саны акыркы үч күндө 30га жетти. Катуу сууктан улам өлкөнүн түштүгүндөгү Ченстохова шаарында 150 миң киши жылуулуксуз калды. Польшада кыш сайын негизинен үйсүз жана өтө мас болгон ондогон киши сууктан тоңуп калат. Катуу суук жана калың кардан улам Түндүк Европанын көп өлкөлөрүндө аэропорттор жабылып, темир жана жол кыймылы үзгүлтүккө учурады.

XS
SM
MD
LG