Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:34

Бүгүн коалиция түзүү мандаты фракциялардын бирине тапшырылат


Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн президент Роза Отунбаева жаңы коалиция түзүү боюнча мандатты парламенттик фракциялардын бирине Ала-Арчадагы резиденциясында тапшырат. Буга чейин социал-демократтардын коалиция түзүү аракетинен майнап чыккан эмес. Эми башка фракция өз күчүн сынап көрмөкчү. Отунбаева кезегинде өкмөт түзүү милдети КСДПдан кийин "Ата Мекен" партиясына берилерин айткан. 3-декабрда бул маселени президент Роза Отунбаева фракция лидерлери менен талкуулады. Төрага шайланбай калгандан кийин Жогорку Кеңеште дүйшөмбү күнгө чейин тыныгуу жарыяланган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG