Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги Медиа эркиндиги боюнча өкүлү Бурул Усманалиева “Азаттыкка” маалымдап, бул багытта Бишкектеги ЕККУ борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий билдирүү тараткандыгын ачыктады. Билдирүүдө жакында Ошто жүргүзүлгөн атайын операция жана Бишкектеги жарылуу Кыргызстандагы коопсуздуктун кыл учунда турганын көрсөтүп турары айтылат. Мындан улам Лилиан Дарий бардык кызыктар тараптарды чыдамдуулукка, мыйзамды сыйлоого чакырып, бийлик өкүлдөрүн жардырууну толук жана бейтарап иликтөөгө үндөгөн.
29-ноябрда Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндө күч органдары курал катылган деп шектелген үйдү текшергенде үйдөн аскерлерге каршы ок атылып, ал аймакта атайын операция жүргүзүлгөн. 30-ноябрда Бишкектеги Спорт ордосунун түндүк тарабында жардыруу болгон эле. (KKs)