Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

ЖККББ айдоочуларды жол коопсуздугуна көңүл бурууга үндөдү


Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы айдоочуларды жол жүрүүдө дыкат мамиле кылып, коопсуздукка көңүл бурууга чакырууда. Аталган башкармалыктан “Азаттыкка” маалымдашкандай, жол кырсыктарын алдын алуу үчүн айдоочулар унааны кыш мезгилине керектүү тетиктер менен камсыз кылып, толук текшерип чыккандан кийин гана жолго чыгышы абзел. Тоолуу аймактарда болсо унаалар арасында 500 метр аралыкты сактап, көчкү түшүү коркунучу бар жолдордо көпкө кармалбоо талапка ылайык.

XS
SM
MD
LG