Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Коалиция түзүү мандаты “Республика” фракциясына тапшырылды


Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн өлкө башчысы Роза Отунбаева парламентте көпчүлүктүн коалициясын түзүү жана андай кийинки өкмөттү куроо мандатын Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго тапшырды. Мындай чечим 3-декабрда Жогорку Кеңеште КСДПнын парламенттеги фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин президент Роза Отунбаевага кайрылуусунан кийин жана президенттин беш фракциянын лидерлери менен сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кабыл алынды.

Парламентте көпчүлүктү түзүү милдети алгач КСДПнын парламенттик фракциясына тапшырылган. КСДП коалиция курай албай калса бул милдет "Ата Мекен" партиясына берилери айтылган. Натыйжада ушул аптада КСДП, “Ата Мекен” жана “Республика” партияларынан турган парламенттик көпчүлүк түзүлгөн.

2-декабрдагы парламенттин жыйынында Өмүрбек Текебаев депутаттардын жетиштүү добушун топтой албай калып төрагалыкка шайлана албай калган. Мындан улам Алмазбек Атамбаев өкмөт түзө албай калганын айтып, парламентте көпчүлүктү түзүү милдетин башка партияга берүү зарыл деген кайрылуусун президентке жолдогон. Баш мыйзамга ылайык, “Республика” партиясы 15 иш күндүк мөөнөт ичинде коалицияны түзүшү керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG