Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Израилдин түндүгүндө токойлор өрттөнүп жатат


Бул өлкөнүн тарыхындагы эң ири өрт катары мүнөздөлүүдө. Тилсиз жоодон улам миңдеген адам жашаган жерлеринен көчүрүлдү, 40тай адам каза тапты. Өлкөнүн премьер-министри Бинямин Нетаняху кыйың кезеңде Израилге тилектештик көрсөтүп жаткандарга ыраазчылык билдирип, өрттү “кичинекей өлкө үчүн чоң трагедия” деп атады:

- Бул чоң трагедия. Биз кырктан ашуун адамды жоготтук. Алар күйүп кетти. Ооуканаларда жашо үчүн күрөшүп жаткандар, дайынсыз жоголгон адамдар бар. Дүйнөдөгү эң мыкты жана эң ири коруктардын бири – Кармель өрттүн кучагында калды. Биз 15 миңдей адамды жашаган жерлеринен көчүрүүгө аргасыз болдук.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн жардам келип жатканы менен өрт көзөмөлдөн чыгып кеткенине бүгүн үч күн болду. Аны өчүрүү үчүн дагы бир нече күн талап кылынары айтылууда.

XS
SM
MD
LG