Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Испанияда улуттук авиакомпания бардык каттамдарын токтотту


Өлкөдө аба кыймылын көзөмөлдөөчүлөр жарыялабастан туруп иш таштаганына бүгүн экинчи күнгө аяк басты. Алардын иш таштоосу жүз миңденген жүргүнчүлөрдү жолдон калтырды. 77 диспетчердин ишке 15и эле келгендиктен борбор Мадриддин эл аралык аэропорту бүгүн да жабык турат. Испаниянын вице-премьер-министри Алфредо Перез Рубалкабанын айтымында, эгер аба кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдүн иш таштоосу улана берсе, өлкөдө өзгөчө абал жарыялоо маселесин өкмөт бүгүн чечет. Мындай шартта диспетчерлер иш таштоосун улантып, жумушка келбей турган болсо түрмө жазасы каралган кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG