Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Испанияда авиадиспетчерлер ишке кайта баштады


Бул тууралуу аэропорт жетекчилери билдирүүдө. Өлкөнүн транспорт министри Хосе Бланконун айтымында, аба каттамдар 24-48 сааттын ичинде калыбына келет. Мунун алдында, аба кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдүн иш таштоосунун экинчи күнүндө испан өкмөтү өлкөдө чукул абал жарыялаган эле. Мындай тартип диспетчерлер ишке чыкпаса, алардын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусуна жол ачмак. Авиадиспетчерлер айлык акыны көтөрүү жана жумуш убактысын кыскартуу талабы менен иш таштоосун кечээ баштаган. Алардын иш таштоосу жүз миңденген жүргүнчүлөрдү жолдон калтырды. Испаниянын улуттук “Иберия” авиакомпаниясы бүгүн баардык каттамдарын токтотууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG