Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Иран Женевадагы сүйлөшүүдө чегинүүлөргө барбайт


Өлкөнүн өзөктүк маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Саид Жалилинин бүгүн мамлекеттик теледен билдиргенине караганда, Ирандын бул жааттагы укугу талкууланбай турган маселе жана мурдагы айлампалардай эле ал алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн да предмети боло албайт. Саид Жалили бул тууралуу Иран өзүнүн талаштуу өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн алты ири өлкөсү менен сүйлөшөрдүн жуп алдында айтты. Сүйлөшүүлөр 6-декабрда Женевада башталары белгиленген. Ага АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия катышат. Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайбы деп шек санайт. Тегеран болсо программасы өзөктүк энергия өндүрүү максатын гана көздөйт деп ырастап келүүдө.

XS
SM
MD
LG