Бул туурасында “Азаттыкка” мугалимдердин бири Калил Карыбаев билдирди. Эртең алар менен президенттин Ош облусу боюнча өкүлүнүн жолугушуусу күтүлүүдө. Эгер алардын талаптары аткарылбаса мугалимдер жөө жүрүшкө чыгарын эскертүүдө.
1-декабрдан бери мөөнөтсүз акцияга чыгып жаткан Базар-Коргон районундагы төрт мектептин мугалимдери айлыктарын 10 миң сомдон кем эмес кылып жогорулатууну, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылууда. Акцияга чыккандар менен райондун акими жолугуп, талаптары жогорку бийликке жеткирилерин убада кылган. Мугалимдер алар жолдогон кайрылууга бийлик өкүлдөрү сыналгы, же кат аркылуу жооп беришин дүйшөмбү күнгө чейин күтөөрүн билдиришкен эле.(AzK)