Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Кытай бийликтерин абактагы диссидентти бошотууга чакырышууда


Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел жана Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси, Түштүк африкалык архиепископ Десмонд Туту расмий Бээжинди түрмөдөгү диссидент Лю Сяобону бошотуп, ага 10-декабрда Нобель Тынчтык сыйлыгын өз колу менен алуусуна мүмкүндүк берүүгө үндөштү. Британдык “Обсервер” гезитинде жарыяланган макаласында Туту менен Гавел Кытай адам укуктары менен эркиндиктерин басуу аркылуу дүйнө лидерлеринин бири катары өзүнүн ишенимсиздигин көргөзүп жатат деп ырасташкан. Бул көрүнүктүү эки коомдук ишмер ошондой эле дүйнөнү өнүгүүнүн экономикалык өсүштү адам укуктарынан өйдө койгон “кытайлык моделинен” баш тартууга чакырат. Расмий Бээжин Нобель Тынчтык сыйлыгы быйыл абактагы диссидентке берилишин абдан терс кабыл алды. Атүгүл Нобель комитети Кытай көрсөткөн кысымдан улам көп өлкөлөр лауреаттын өзү келе албай турган сыйлык тапшыруу жөрөлгөсүнө катышуудан баш тарткандыгын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG