Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Египетте парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү


Мындан бир жума мурдагы алгачкы добуш берүүдө көптөгөн одоно мыйзам бузуулар тууралуу нааразылыктар болгон эле. Анда добуштардын дээрлик бардыгын алган президент Хосни Мубарактын бийликтеги Улуттук-демократиялык партиясы азыркы добуш берүүдө да жеңип чыгат деп болжолдонууда. "Мусулман агайындары" кыймылы жана дагы бир ири оппозициячыл топ болгон либералдык "Вафд" партиясы экинчи айлампага катышуудан баш тарткан.

Каирдеги Габер деген шайлоочу буларды билдирди:

- Мунун баары алдын-ала даярдалган. Албетте, шайлоонун мыйзамдуу өтүшү үчүн акыйкаттык системасы дыкат иштеши керек. Ал эми кимдир бирөө шайлоону бойкоттосо, бул анын өз иши. Оппозиция чабал, ошондуктан бул же тигил партия шайлоого катышпай койсо, андан көп деле эч нерсе өзгөрбөйт. Ал эми добуш берүүнү айта турган болсок, мунун шайлоо деген аты эле бар.

Парламенттеги 508 орундун жарымынын тагдырын аныктай турган кечээки добуш берүүдө өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү куралдуу кагылыштар жана Каирдеги көптөгөн шайлоо бекеттеринде добуштардын сатылышы тууралуу айыптоолор менен коштолду.

XS
SM
MD
LG