Виктор Троицкий франциялык Мишел Льодраны 3-2 эсебинде жеңгенде Белграддын Арена стадиону жарылып кете жаздады. Троицкий Льодраны 6-2, 6-2, 6-3 эсебинде жеңген сайын 17 миң кишилик стадионду «Виктор», «Сербия» деген ураандар дүңгүрөтүп турду. Дейвис мелдеши теннис боюнча дүйнөдөгү эң ири чемпионат болуп саналат. Быйыл ага 125 мамлекет катышууда.