Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Сууктун күчү кайтышы мүмкүн


Кыргыз гидрометеорология борборунан “Азаттыкка” маалымдашкандай 7-8-декабрдан тарта сууктун күчү кайтуусу күтүлүүдө. Бул күндөрү жалпы Кыргызстан боюнча суук 5 градустан 12 градуска чейин болот, күндүзү 7 градустан 12 градуска чейин жылуу болот. Декабрь айы ичинде жаан-чачын дагы айлык өлчөмдөн ашык түшүүсү күтүлбөйт.

Капыстан түшкөн сууктан Бишкекте автоунаалардын кагышуусу көп болгону кабарланууда. Шаар бийлиги буга автоунаа ээлерин айыптуу деп билдирди.
4-декабрдан 5-декабрга оогон түнү Бишкекте сууктун күчү -20 градустан ашканы айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG