Бир нече күндөн бери нааразылык акциясына чыгып жаткан мугалимдер менен бүгүн президенттин түштүктөгү өкүлү жолугушуусу күтүлүүдө.
Базар-Коргон районунун мугалимдери 1-декабрдан бери айлык акыны көтөрүүнү, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылып, райондук акимчиликтин алдына митингге чыгууда. Алар талаптары жазылган кайрылууну мамлекет башчыга жана башка тиешелүү бийлик бутактарына жолдошкон. Нааразы мугалимдер кайрылууга 6-декабрга чейин жооп болбосо, жөө жүрүшкө чыгарын эскертишкен. Бүгүнкү күнгө чейин алар менен райондук акимден башка бийлик өкүлдөрү жолугушкан эмес.
Кыргызстандагы мугалимдердин орточо айлык акысы 1,5 - 2 миң сомду түзөт.(ZKo)