Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:11

Шаршембиде Шейит-Дөбөдөгү кандуу окуя боюнча өкүм чыгышы ыктымал


8-декабрь күнү Ош шаардык соту Шейит-Дөбө кичирайонунда орун алган кандуу окуя боюнча өкүм чыгарышы күтүлүүдө. Мурдагы сот жараянында тараптар жарыш сөзгө чыгышкан. Мамлекеттик айыптоо 12-июнь күнү Шейит-Дөбөдө Алмазбек Раимжановдун үй-бүлөсүнө кол салып, анын аялын, он жаштагы уулун мыкаачылык менен өлтүргөн, 15 жаштагы кызын зордуктап, сөөгүн өрттөп жиберген делген алты кишинин баарын үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою жазага тартууну соттон сураган. Айыпталуучулардын бири аял киши.

Шейит-Дөбөдөгү бул кандуу окуя боюнча соттук териштирүү 10-ноябрда башталып, ишти Ош шаардык соту шаардагы аскер бөлүктөрүнүн биринде карап жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG